Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Убактылуу жашоочулар

УБАКТЫЛУУ ЖАШООЧУЛАР – өзүнүн туруктуу жашаган жеринен туракжайдын жалдоочусуна убактылуу жашоого келген каалаган жарандар. Жалдоочу жана аны менен такай бирге жашаган жарандар (анын ичинде үйбүлө мүчөлөрү) өзара макулдашуу боюнча жана жалдоого берүүчүгө алдынала билдирүү менен жайды пайдалангандыгы үчүн алар менен жалдоо келишимин түзбөстөн жана акы албастан алардын пайдалануусундагы туракжайды У. ж-га (башка жарандарга) убактылуу жашоого улуксат бере алат. У. ж-ды 1,5 айдан ашык мөөнөткө киргизүүгө туракжай аянтынын ченемдерин сактаган шартта гана жол берилет. У. ж. ушул жайда жашаган жалдоочунун же анын үйбүлө мүчөлөрүнүн биринчи эле талабы боюнча бошотууга милдеттүү. Ал баш тарткан учурда жалдоочу же анын үйбүлө мүчөлөрү башка туракжай бербестен У. ж-ды соттук тартипте чыгарууну талап кылууга укуктуу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: